Бишкекте "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр экстремисттик идеологияны жайылтуу жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенип келишкен. Алардын жашаган жерлеринен "Хизбут-Тахрир" тарабынан чет өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен басылып чыккан адабияттар жана материалдар табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.