Биз социалдык тармакта

Бишкекте 64 объект бузулуп, ал жерге заманбап эстакадалык көпүрө курулат

Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган транспорттук түйүн куруу пландалууда. Бул тууралуу 10-апрелде шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууда 64 объектти бузууга туура келет. Алардын арасында жеке менчиктеги жер тилкелери, убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык жерлер бар. Мындан тышкары, айрым объекттер Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан.

Азыркы учурда чарбалык субъекттердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертмелер берилди. Өз кезегинде шаар мэриясы мамлекеттик актылары бар жер тилкелеринин ээлерине альтернативдүү жерлерди же тиешелүү акчалай компенсация сунуштайт.

Белгилей кетсек, жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында 2026-жылдын I кварталында 246 жеңил типтеги объект жана 152 капиталдык курулуш бузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан