
10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында мамлекеттик күзөт объекттеринин жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Буга байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат. Чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:
- 10-апрель күнү Ош шаарында;
- 11-апрель күнү Араван районунда;
- 12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
- 13-апрель күнү Ноокат районунда;
- 14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
- 15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.
Милиция жарандарды иш-чараларды өткөрүү учурунда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, жол кыймылынын эрежелерин жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.