Бүгүн, 10-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, билим берүү мекемелери турукташтыруу фондунун эсебинен салынмакчы. Мамлекет башчы өз сөзүндө билим берүү тармагындагы бардык ийгиликтерди ар дайым колдой турганын белгилеген.
Мектептердин курулушун жаңы окуу жылынын башталышына чейин аяктоо пландаштырылууда.