Бүгүн, 10-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алган. Президент ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгилеген.
"Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Өндүрүштө Орусиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системдери үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.
2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 миллион сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды. Муну менен катар 100 миллион сомдун тегерегиндеги салык төлөндү",- деп айтылат маалыматта.