УКМКнын 3 кызматкери ишкерлерге кысым көрсөтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 10-апрелде атайын кызмат кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул иш боюнча ишкерлерди текшерген мамлекеттик кызматтарда иштеген дагы 3 адам колго түшкөн. Кармалгандар ишкерлерден опузалап акча алып турушкан деп шектелишүүдө.
УКМК аларга карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштери ачылганын кошумчалады.