Биз социалдык тармакта

Бишкекте бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-апрелде Свердлов РИИБинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2009-жылы туулган Н.С. 4-апрелде саат болжол менен 18:30 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

6-апрелде анын апасы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жазуу түрүндө кайрылып, уулун издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Бул факт боюнча борбор калаанын милициясынын бардык өздүк курамы дароо маалымдалып, тиешелүү бөлүмдөргө багыттамалар жөнөтүлгөн.

10-апрель күнү дайынсыз жоголгон өспүрүм табылып, анын жансыз денеси экени аныкталган. Алдын ала кароодо денесинен көзгө көрүнгөн жаракат белгилери табылган эмес. Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан