Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында 1933-жылы туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң – Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бутүргөн.
Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн. "Кыргызкөмүр" трестинин участогунда начальниктин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош обкомун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, партиянын БКинин өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, Фрунзе шааркомунун төрагасы, партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, КПСС БКнын инспектору, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. Абсамат Масалиев 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болгон.
10-апрелдин жылнаамасы.