Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 22 атайын техника бөлүнүп, бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 миң 510 тонна таштанды чыгарылган. Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.