Бүгүн, 10-апрелде өлкө башчысы Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, президент облус аймагында 5 күн болот. Ага ылайык, укук коргоо органдары 10-15-апрель күндөрү коопсуздукту карашат. Тартипти 3500дөн ашык ИИМдин кызматкерлери камсыздамакчы.