Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жетекчилер үчүн кеңири форматтагы кеңешме уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кеңешменин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик стандартынын аткарылышын талдоо жана бул багыттагы текшерүү-байкоолордун жыйынтыгын кароо болду.
Жыйындын жүрүшүндө:
• мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы мониторингдин жыйынтыктары сунушталды;
• мекемелердин учурдагы иш абалы жана стандарттарды аткаруу деңгээли бааланды;
• аныкталган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Өзгөчө көңүл төмөнкү багыттарга бурулду:
• билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу;
• балдар үчүн өнүктүрүүчү жана коопсуз чөйрө түзүү;
• нормативдик талаптарды так сактоо;
• педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
• методикалык колдоону өз убагында жана натыйжалуу көрсөтүү.
Кеңешменин жыйынтыгында бала бакча жетекчилерине ишмердүүлүктү жакшыртуу жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча конкреттүү сунуштар берилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти мектепке чейинки билим берүү уюмдарын көзөмөлдөө жана методикалык колдоо көрсөтүү иштерин мындан ары да системалуу улантарын билдирди.