Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна түз жооп берди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар мамлекет башчысына социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелер боюнча түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жолугушуу болжол менен үч саатка созулуп, анын жүрүшүндө:
• жер тилкелери жана үлүш жерлер боюнча талаштар,
• шаарды көрктөндүрүү алкагындагы турак үйлөрдү бузуу маселеси,
• муниципалдык органдардын чечимдеринин мыйзамдуулугу,
• компенсация төлөө маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле тургундар:
• таза ичүүчү суу,
• мектеп жана бала бакча куруу,
• спорттук объекттер,
• газдаштыруу жана канализация,
• жол тыгындары жана курулуш сапаты,
• турак жайдын жеткиликтүүлүгү жана ипотека сыяктуу маанилүү маселелерге көңүл бурушту.
Президент көтөрүлгөн бардык маселелерди мыйзам чегинде кароону, жарандардын укуктарын коргоону жана талаштарды тынч жол менен чечүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.
Мындан тышкары ал Ош шаарындагы авариялык абалдагы медициналык жардам кызматынын ордуна жаңы имарат курууну баштоону жана социалдык объекттерге өзгөчө көңүл бурууну белгиледи.