Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште бала асырап алуу маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеште депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен бала асырап алуу маселесине арналган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага депутат Бурул Аманова, ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана бала асырап алуу боюнча кезекте турган ата-энелер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө:
• бала асырап алуу үчүн түзүлгөн порталдын ишиндеги көйгөйлөр,
• документтерди топтоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар,
• ата-энелер үчүн жаралган практикалык кыйынчылыктар сыяктуу орчундуу маселелер көтөрүлдү.
Катышуучулар бул жагдайлар бала асырап алуу процессин кыйла татаалдаштырып жатканын белгилешти.
Жыйынтыгында аталган порталды Түндүк тиркемесине интеграциялоо сунушталды. Бул кадам процессти жөнөкөйлөтүп, анын ачыктыгын жогорулатууга багытталары айтылды.
Өз сөзүндө Махабат Мавлянова ар бир бала үй-бүлөдө тарбияланууга укуктуу экенин баса белгилеп, бул маселени жеке көзөмөлүндө кармай турганын билдирди. Ошондой эле реформаларды ылдамдатуу үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты.
Ал эми Бурул Аманова бала асырап алуудагы бюрократияны азайтып, мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияны күчөтүү керектигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан