Кыргыз улуттук тарых музейи Түркиядан келген расмий делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегацияны Түркия Республикасынын Улуттук коргоо университетинин ректору, тарыхчы, академик Эрхан Афёнжу жетектеп келди.
Меймандарды музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, кеңири экскурсия уюштурду. Анда конокторго байыркы кыргыз тарыхы, түрк дүйнөсүнүн мурастары жана ислам маданиятына байланышкан уникалдуу экспонаттар тааныштырылды.
Сапардын жүрүшүндө академик Эрхан Афёнжу кыргыз элинин бай тарыхына жогору баа берип, музейдин адамзат тарыхын сактоо жана жайылтуудагы ролун өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле мекеменин ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирип, бул жерден терең руханий таасир алганын айтты.
Иш сапардын соңунда делегация башчысы музей жетекчилигине урмат-сый иретинде символикалык белек тапшырды.