Биз социалдык тармакта

Бишкекте шаар куруу тармагында санариптик чечимдер өнүгүүдө

Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгында санариптик трансформациянын алкагында маанилүү өзгөрүүлөр ишке ашырылууда. Бул багытта бардык ички жана тышкы процесстерди этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, анда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктары чыгарылып, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө маалым болгондой, автоматташтырылган маалыматтык система киргизилгенден бери 5 миңден ашуун уруксат берүүчү документтер берилген. Жарандар жана юридикалык жактар бул документтерди онлайн форматта алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Министрдин орун басары бардык кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен электрондук форматка өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ички макулдашуу процесстерин жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү да санариптештирүү зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары уруксат берүүчү документтерди берүү мөөнөтүн кыскартуу, колдоо кызматын күчөтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ички процедураларды кеңири талдоо тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан