Бишкек шаарында өткөн “Spring Grand Prix “VICTORIA” эл аралык бий чемпиондугунда М.Баетов атындагы №3 Балдар искусство мектебинин “Ийгилик” ансамбли жогорку жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ансамбль сахнада мыкты аткаруучулук чеберчилигин, артисттик деңгээлин жана сахна маданиятын көрсөтө алды.
Сынактын жыйынтыгында ансамбль эки баш байгени – Гран-прини жеңип алды.
Белгилей кетсек, чемпиондукка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттеринен келген калыстар тобу баа беришти.
Бул ийгилик жаш таланттардын эмгегин жана жетекчинин кесипкөйлүгүн дагы бир жолу тастыктап, кыргыз хореографиясынын эл аралык деңгээлде таанылып жатканын көрсөттү.