Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Германия кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулашты

ТИМ башчысынын орун басары Медер Абакиров бүгүн, 10-апрелде Германиянын Тышкы иштер министринин орун басары Гюнтер Крихбаум менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Германия ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара байланыштарды күчөтүү боюнча пикир алышты.

Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык багыттагы кызматташтыкка бурулду. Ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде Европа Бирлиги менен кызматташтык тууралуу да ой бөлүшүү болду.

Жыйынтыгында эки тарап кыргыз-герман мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана артыкчылыктуу багыттарда практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан