Биз социалдык тармакта

"Мушташа беришет экен". Президент айылдарга адам аттарын ыйгарууга тыюу салынып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айылдарга адам ысымын ыйгарууга тыюу салынып жатканын айтты.

Кечээ, 10-апрелдеги жолугушууда өлкө башчыга кайрылган жаран Төлөйкөн айылына салынып жаткан мектепке Чекирбазаров деген аталышты берүүнү суранды. Мамлекет башчы мектептерге адам аттарын ыйгарууга болорун, аны жергиликтүү кеңеш карап чыгышы керектигин белгиледи.

"Негизи биз айылдарга адам аттарын койгонго тыюу салып жатабыз. Кызыл чеке болуп, 2ге, 3кө бөлүнүп алышып, "менин атамдын атын коёбуз, сенин урууңдун" деп мушташа беришет экен. А мектептерге боло берет экен", - деди Жапаров.

Президент айылдарга адам аттарын ыйгарууга тыюу салынып жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан