Биз социалдык тармакта

Президент Ошто жолугушууга кире албай калгандар бар экенин билгенде эмне деди?

Кечээ, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө суроого чыккан жаран кире албай сыртта калып калганын, бир аздан кийин мүмкүнчүлүк жаралганда гана залга киргенин билдирди.

Өлкө башчы кирбей калуусунун себебин сураганда, ал жазылбай калганын айтты. Анда Садыр Жапаров "сыртта дагы адамдар барбы?" деп суроо узатып, бар экенин билген соң бардыгын залга киргизүүнү тапшырды.

"Кире албай тургандардын бардыгын текшерип, киргизгиле", - деди.

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев суроо берген адам мэрияга келгенде көйгөйлөрүн президентке айтууну өзү сунуштаганын белгилеп, суроосу барларды мэрия өзү бул жакка чакырганын тактады да, андай нерсени калыстык үчүн айта жүрүү керектигин эскертти.

Президент Ошто жолугушууга кире албай калгандар бар экенин билгенде эмне деди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан