"Биздин өлкөгө аткезчилик деген товар кирбеши керек". Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
Президент аткезчиликти көзөмөлдөө боюнча катуу тапшырмаларды коюп жатканын белгилеп, аны жоюудан бюджеттик кирешелер өсүп жатканын билдирди.
"Мурда 35 миллиард сом бюджетке чогулуп келсе, аткезчиликти жоюудан улам бюджетке 135-140 миллиард сом чогулуп жатат. Мына ошол аткезчиликтин бизге кирген кесепетинен, анан көзөмөлсүз уурдалып кетип жаткандын эсебинен 100 миллиард сом жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп турган. Элестетип көргүлөчү, бул эмне деген эбегейсиз акча", - деди мамлекет башчы.