Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун Араван районуна барды. Бул тууралуу президеттин администрациясы кабарлады.

Маалымдалгандай, Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчыга социалдык чөйрөнү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, ошондой эле мындан аркы өнүгүү перспективалары жөнүндө айтып берген.

Маалыматта 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде райондо бир катар багыттар боюнча, анын ичинде жол курулушунда көрүнүктүү натыйжаларга жетишилгени айтылат. Жалпысынан жол инфраструктурасына 954 миллион сом багытталган, бул 105 чакырым жолго асфальт төшөөгө мүмкүндүк берген. Социалдык тармакта 50дөн ашык социалдык объект пайдаланууга берилген. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү бир жарым эседен ашык көбөйүп, жүздөгөн жаңы ишканалар ачылып, бир нече миң жумушчу орундары түзүлгөн.

"Керме-Тоодо заманбап индустриалдык борбор куруу пландаштырылууда. Бул жерде инвестиция тартуу жана жүздөгөн жаңы жумушчу орундарын түзүү менен он өнөр жай объектиси курулат.

Энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлор да тааныштырылды. Араван-Сай дарыясына суу сактагыч куруу боюнча сунушка өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоорду ишке ашыруу сугат суунун жетишсиздигин кыйла азайтууга, миңдеген гектар жаңы жерлерди өздөштүрүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн бир топ көбөйтүүгө жана туризмди жана эс алуу зоналарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Райондун инфраструктурасын мындан ары жакшыртуу үчүн спорттук комплекс, райондук оорукананын кошумча корпусу жана Араван районунун мамлекеттик администрациясынын жаңы имаратын куруу сунушталды.

Презентацияны уккан соң Садыр Жапаров мамлекет Кыргызстандын аймактарын комплекстүү жана туруктуу өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурарын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан