Бишкекте жол тескөөчүлөр эс-учун жоготкон кызды "Тез жардам" борборуна жеткирүүгө көмөктөшүштү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-апрелде болжол менен 00:10 чамасында Медеров жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол тескөөчүлөргө жарандар кайрылышып, жардам сурашкан. Алар белгисиз себептерден улам эс-учун жоготкон кызды тез арада медициналык мекемеге жеткирүү зарылдыгын билдиришкен. Кайгуул кызматынын кызматкерлери дароо чара көрүшкөн.