Араван районуна жалпы 3 миң батир болгон көп кабаттуу үйлөр салынат. Бул тууралуу кечээ, 11-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун Араван районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Президент көп кабаттуу батирлерди 11 гектар жерге салуу боюнча Курулуш министрлиги менен Мамлекеттик ипотекалык компанияга тапшырма бергенин айтты.
"Жакында ишке киришишет. Бир жарым жылдын ичинде салынып бүтөт. Кезекке туруп алыңыздар", - деди мамлекет башчы.