Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу батирлери район борборлоруна куруларын билдирди.
Өлкө башчы кечээ, 11-апрелде Оштун Араван району менен болгон жолугушууда мындай кадам жерди үнөмдөө үчүн зарыл экенин белгиледи. Мамлекет башчысы үлүш жерлерди көбөйтүп, дан эгиндерин эгүү керек дейт.
"Азыр райондор менен кичи шаарларга жеткиликтүү кылып жатабыз. 5-9 кабаттуу батирлерди салуу иштерин аткарабыз. Мына, мурда облус борборлоруна чыга албай жатканбыз. Эми айылдарда жер жок. Мисалы, менин айылымда деле жер жок. Эми жердин баарын эле жеке турак жай салууга бере берсек, 20-30 жылдан кийин ачка калабыз", - деди Жапаров.