Бүгүн ,12-апрелде президент Садыр Жапаров православдык кыргызстандыктарды Пасха майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун президенттин администрациясы жарыялады.
Анда өлкө башчы Пасха майрамы православ христиандары үчүн гана маанилүү күн болбостон, конфессиялар аралык диалогдун, биримдиктин жана жарандык тилектештиктин маанилүүлүгүн эске салган өзгөчө күн экенин белгиледи.
“Мамлекет дин тутуу эркиндигин камсыз кылууга, коомдук ынтымакты чыңдоого жана элибиздин руханий ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган саясатты ырааттуу жүргүзөт. Биз өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө, маданий жана диний салттарды урматтоого жана улуттар аралык тынчтыкты чыңдоого өзгөчө маани берүүнү уланта беребиз.
Бул ыйык майрам үйүңүзгө кубаныч, жылуулук жана береке алып келсин. Тынчтык, ынтымак жана эртеңки күнгө болгон ишеним тартууласын. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана береке каалайм! Пасха майрамыңыздар кут болсун!", - деп айтылат куттуктоодо.