Өлкө башчы Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууда көптөгөн алешемдиктер болгонун белгилеп, кошумча иштер жүгүзүлөрүн айтты.
Президент жолду убагында пиар үчүн ачып койгонун, бирок андагы коопсуздук маселелери чечилбей калганын билдирди.
"Таш кулай турган жерлерин, кышкысын кар көчкү түшө турган тилкелерин карашкан эмес. Биз акыркы 4 жылдан бери изилдеп отуруп, анан былтыр ишке киришкенбиз. Анан кошумча бюджеттен акча бөлдүк. Ал насыядан тышкары берилген каражат", - деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров аталган жол быйыл июндан ноябрга чейин убактылуу ачыларын, кайра жабылганда иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, ал эми жол толук 2028-жылы толук ачыларын кошумчалады.