Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Оштун экс-мэринин иштери боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин жакшы иштери бар экенин, аны менен бирге кемчиликтери да болгонун айтты. Президент журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде анын иштери боюнча текшерүү жүрүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында, Токторбаев мэр болуп турганда кызыл сызыктан ашып кеткен объекттерди алдырып, жолдорду кеңейтүүдө жакшы көрсөткүч кылган. Бирок ошол эле учурда мыйзамдуу үйлөрдү да түрттүрүп салган жана курулуштарды курдурууда мыйзамсыз баштаган учурлары болгон.

"Юридикалык баа берилет. Бирок анын эмгектери да эске алынат. Эми биз мамлекет катары тең салмактап туруп, калыс чечим чыгарышыбыз керек да. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Анан атайын комиссия тарабынан да териштирүү иштери жүрүп жатат. Анан жыйынтыгына жараша көрөбүз", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Оштун экс-мэринин иштери боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан