Бүгүн, 12-апрелде президент Садыр Жапаров Оштун Кара-Суу районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчынын администрациясы маалымдагандай, райондун акими Чыңгыз Бапаев өлкө башчыга учурдагы абал жана келечектүү долбоорлор тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын негизги көрсөткүчтөрү жана өнүгүү багыттары тааныштырылган.
"2025-жылы райондо 108 чакырым жол асфальтталып, 2026-жылы дагы 123 чакырым жолго асфальт төшөө пландалганы белгиленди. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп, 17 айылга суу жеткирүү долбоору ишке ашырыла баштады, ошондой эле агынды сууларды чыгаруу системасынын курулушу жүрүп жатат. 2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылган.
2026-жылы райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда. Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон заводу, сүт азыктарын кайра иштетүүчү цех жана канаттуулар фермасы бар", - деп айтылат маалыматта.