Биз социалдык тармакта

"Карылыкка моюн сунуп..." Садыр Жапаров "Дордой" базарынын башчысы Салымбеков тууралуу айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Кара-Суу районунда эл менен жолугушууда жеке ишкер Аскар Салымбеков убадасын аткарбай жатканын айтты.

Мамлекет башчысы ири базарларды иретке келтирүү керектигин белгилеп, алгач бул тапшырманы "Дордой" базарынын негиздөөчүсү Салымбековго жүктөгөнүн билдирди.

"Ош базары", "Дордой", анан "Кара-Суу" базары боюнча тапшырма берген элем. Союз тарагандан бери контейнерлерде соода кыласыңар. Далайлар ысык-суукта ошол жерде отуруп оорукчан болуп калышты. Өнүккөн өлкөлөр сыяктуу соода борборлорун курууну тапшыргам. Алгач эле "Дордой" базарынын ээси Салымбеков аксакалды чакырып келдим эле. Анан айттым "30 жылдан бери ушул базардан миллиардер болдуңуз, ушул жерди оңдоп чет өлкөлөрдөгүдөй базарларды куруңуз" деп. Макул болуп, 100 гектардай жерге көчүрүп, жер трансформация кылынса куруп берем деген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин салган жок. Билбейм, карылыкка моюн сунуп баратабы? Же кичине акчасын аяп жатабы? Жакында чакырып сурайм",- деди президент.

"Карылыкка моюн сунуп..." Садыр Жапаров "Дордой" базарынын башчысы Салымбеков тууралуу айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан