Биз социалдык тармакта

Чүйдө жаран таанышын сабаган деп шектелип кармалды

Чүй облустук милициясы маалымдагандай, Токмокто ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектүү жаран кармалды.
Билдирүүгө караганда, 5-мартта 45 жаштагы жаран Н.Ж. аттуу таанышына карата чара көрүү үчүн арыз жазган. Анын айтымында, 3-мартта Н.Ж. анын Токмок шаарындагы үйүнө келген. Кийин Жигули үлгүсүндөгү автоунаага салып, Токмоктогу дача тилкесинде физикалык күч колдонуп, денесине жаракат келтирген.
Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан