Бишкектеги Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында акимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды. Бул тууралуу 13-апрелде Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, окутуу 13-16-апрель күндөрү өтөт.
Бириничи этапта Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын акимдери, тагыраагы, 22 аким квалификациясын жогорулатат. Ал эми Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн окутуу 20-23-апрель күндөрүнө пландалган.
Окутуунун негизги максаты – мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана жергиликтүү жетекчилердин кесипкөйлүгүн, башкаруучулук жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Окуу программасынын алкагында жергиликтүү башкарууну өнүктүрүүнүн заманбап багыттары каралууда.