Биз социалдык тармакта

Чүйдө миллион сомдук малды карызга алган жаран кармалды

Чүйдө алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 13-апрелде облустук милиция маалымдады.
Сокулук РИИБиге 11-апрелде жаран арыз менен кайрылып, чала таанышы Ж.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Арызында шектүү анын ишенимине кирип, жалпы суммасы 3 миллион 853 миң сомго бааланган малын карызга алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын төлөбөй жүргөнүн билдирген.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 42 жаштагы Ж.Н. жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын облус аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан