Бишкек-1 станциясынын аймагында атлет Алексей Тепляшин сегиз бош жүк вагонун ордунан жылдыра алды. Бул тууралуу 13-апрелде "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жалпы салмагы 189 тонна 600 килограмм болгон вагондорду болжол менен 6,5 метр аралыкка жылдырган. Спортчу күч экстреми менен беш жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келет. Келечекте 9 вагонду жылдырууну максат кылууда.
Эске салсак, жарым жыл мурун Тепляшин жалпы салмагы 165 тонна 900 килограмм болгон 7 вагонду жылдырган.