Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ош шаарына келди

Бүгүн, 12-апрелде Ош шаарына Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен келди. Космонавтты мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин тосуп алышты.
Ал калаадагы Гагарин жана Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Салижан Шарипов анда балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүштү.
12-апрель – Эл аралык космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана сүрөттөрү көргөзүлүп, чакан концерттик программа тартууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан