Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады.
Анда эл өкүлү жаз жана күз мезгилдеринде мал ээлери малды көзөмөлсүз чыгарып жибергендиктен, эгиндер тебеленип, дыйкандар чоң чыгымдарга учурап жатышат.
"Эгиндерди тебелеген учурлар үчүн айып пулду 30 миң сомго чейин жогорулатууну карап жатабыз. Мындан тышкары, кошумча айыптар да киргизилет. Масалы, ар бир ири мүйүздүү мал үчүн 1000 сом, ал эми майда жандыктар үчүн ар бирине 500 сомдон төлөнөт. Жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү да каралууда. Алар дрондор аркылуу мыйзам бузуу фактыларын каттап, мал ээлерин идентификация системи аркылуу аныктай алышат.
Эгер 3 күндүн ичинде малдын ээси табылбаса, мал сатууга коюлат. Эгер ээси белгилүү болуп, бирок малын алып кетпесе, 7 күндөн кийин сатылат. Акчанын үчтөн бир бөлүгү бюджетке, бир бөлүгү жергиликтүү бийликке, бир бөлүгү жер ээси болгон дыйканга берилет",- деди депутат.