Ош облусундагы чек ара бөлүмдөрүнүн биринде кызмат өтөгөн аскер кызматкери ооруканада көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуядан кийин ал Алай районундагы Гүлчө айылындагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок бардык аракеттерге карабастан, жоокерди куткарып калуу мүмкүн болгон эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2004-жылы туулган жигит 8-апрелде кызмат учурунда курал колдонуп, өз өмүрүнө кол салган.
Учурда окуянын себептери такталып, тиешелүү кызматтар иликтөө жүргүзүп жатышат.