Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын атайын кабыл алуу жайына барды. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кабыл алуучу жайдын 24 камерасында кармалган 56 адам (53 эркек, 3 аял) санитардык-гигиеналык шарттарга даттанышкан. Алардын айтымында, санитардык түйүндөр тазаланбагандыктан, камераларга жагымсыз жыт келип турат. Ошону менен катар эле аларга самын, даарат кагазы берилбейт.
Акыйкатчы мекеменин жетекчисине камераларда санитардык тазалоону өз убагында жүргүзүүнү жана зарыл гигиеналык каражаттар менен камсыз кылууну сунуштады.
“Кармоо шарттарынын жана гигиеналык каражаттардын жоктугу бир гана техникалык кемчилик эмес, Конституцияда жана эл аралык келишимдерде бекитилген адам укуктарынын бузулушуна алып келет”,- деп билдирди Жаманбаева.