Биз социалдык тармакта

Чүйдө травматикалык тапанчадан ок чыгарган жаран кармалды

Чүй облусунда травматикалык тапанчадан ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу облустун милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Т.С. аттуу жаран К.Г.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызында 13-апрелде болжол менен саат 01:00 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарында шектүү ага травматикалык тапанчадан бир нече жолу ок чыгарып, денесине жаракат келтиргенин билдирген.
Натыйжада Т.С.нын оң санында, көкүрөк бөлүгүндө жана ич тарабында жумшак ткандарга ок тийген жаракаттары аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1986-жылы туулган С.Б. аттуу жаран аныкталган. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан