Талас облусунда жайгашкан “Манас-Ордо” улуттук комплексинде ири реконструкция иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда административдик имараттын, соода жана эс алуу галереясынын, конгресс-холлдун жана коттеждердин дубалдары тургузулду. Долбоор боюнча 300 орундуу конгресс-холл, 3500 орундуу маданий борбор, улуттук стилдеги коттеждер, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн атайын аянттар курулат.
Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Реконструкциянын алкагында музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет.
Белгилей кетсек, “Манас-Ордо” комплекси акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу масштабдуу реконструкциядан өтүүдө.