Иран Перс жана Оман булуңдарындагы порттордун коопсуздугуна байланыштуу катуу билдирүү жасап, мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу эскертти. Бул тууралуу Хатам аль-Анбия борбордук штабынын өкүлү Эбрахим Зольфагариге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, АКШ тарабынан эл аралык сууларда кемелердин жүрүшүнө коюлуп жаткан чектөөлөр мыйзамсыз жана “каракчылыкка” тете.
Зольфагари белгилегендей,
Перс жана Оман булуңдарындагы порттордун коопсуздугу “же баарына бирдей, же эч кимге жок” болот.
Ошондой эле ал Ормуз кысыгы боюнча:
• Иран туруктуу көзөмөл киргизерин
• “достук эмес” өлкөлөрдүн кемелерине өтүүгө чектөө болушу мүмкүн экенин билдирди
Бул билдирүү Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу күчөп жаткан учурда айтылды.