Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” чек ара бекетинин инфраструктурасын жакшыртуу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына чек ара бекетинин социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоо иштери этап-этабы менен жүрүп жатканы маалымдалды. Долбоордун алкагында аскер кызматкерлеринин жашоо жана кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу максатында кызматтык турак жайлар, бала бакча жана башка коммуналдык объекттер курулуп, айрымдары пайдаланууга берилген.
Учурда долбоордун кийинки этабы уланууда. Анда кошумча аскердик жана чарбалык имараттарды куруу, ошондой эле эски объекттерди жаңылоо каралган. Бардык иштерди жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Иш сапардын жүрүшүндө президент жаңы объекттердин курулушуна старт берип, имараттардын биринин пайдубалына биринчи курулуш аралашмасын куйду. Ошондой эле ал мурда курулган турак жайларды кыдырып, аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышты.
Иш сапардын соңунда Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана айлык маяна маселелерине көңүл бурду. Ал мамлекеттик чек арада кызмат өтөгөн аскерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү улуттук коопсуздуктун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.