Ош шаарынын Озгур айылында 60 орундуу бала бакчанын курулуш иштери акыркы этапка чыкты.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда имараттын чатыры жабылып, терезелери орнотулуп, сырткы фасаддык иштер толугу менен аяктады. Азыр ички жасалгалоо жана оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, бала бакчанын курулушу 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталган. Бирок каржылоо жетишсиздигинен улам иш 6 жылга жакын токтоп турган.
Бүгүнкү күндө курулуштун сапатын текшерүү жана акыркы бүтүрүү иштери адистер тарабынан көзөмөлдөнүп, объект жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө.