Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугуп, жергиликтүү көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда сугат суу, жол инфраструктурасы, социалдык объекттерди (мектеп, бала бакча, спорт зал) куруу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жер бөлүштүрүү, укуктук кайрылуулар, пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча суроолор айтылды.
Мамлекет башчысы бардык кайрылууларды мыйзам чегинде кароону тиешелүү органдарга тапшырды жана аймактарды, өзгөчө тоолуу райондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.