Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Чоң-Алай районун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Кечээ, 13-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун учурдагы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов райондо жүргүзүлүп жаткан жана пландалган иштер боюнча кыскача маалымат берди.
"Жеке турак жай куруу үчүн жарандарды жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында жерлерди калктуу конуштар категориясына өткөрүү иштери жүргүзүлгөн. 2026-жылы 2474төн ашуун жергиликтүү тургунду жер тилкелери менен камсыз кылуу пландалууда, бул - муктаждардын жалпы санынын болжол менен 85 пайызын түзөт. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн алкагында жаңы жер аянттарын өздөштүрүү жана аларды сугат суу менен камсыз кылуу каралган. Мал үчүн тоют даярдоо максатында жүгөрү өстүрүү пландалууда. Ошондой эле сезондук жөнгө салуучу суу сактагычтарды жана бат курулуучу суу бассейндерин куруу иштерин баштоо пландалууда. Бул суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт",- деп белгиленген маалыматта.
Ошондой эле кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдө 50 миллион сомдук долбоор иштелип жатканы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан