Биз социалдык тармакта

Иран куралдуу жаңжалдагы зыяндын болжолдуу эсебин айтты

АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында Иранга келтирилген зыян болжолдуу 270 миллиард долларга бааланат. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Фатеме Мохаджерани 13-апрелде РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

лдын ала эсептөөлөр боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 270 миллиард долларлык зыян келтирилген",- деген ал.

Мохажерани Ирандын АКШдан талап кылган согуштук зыяндын ордун толтуруу маселеси ирандык делегациянын сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибине киргизилгенин баса белгиледи. Бул маселе Исламабаддагы акыркы сүйлөшүүдө талкууланган. Ал кошумчалагандай, Иран тарап өз элинин укуктарын бардык мыйзамдуу жолдор менен коргойт.

Белгилей кетсек, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан