Биз социалдык тармакта

"Өч-2" көркөм тасмасы көрсөтүүдөн алынды

Кечээ, 13-апрелде Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алып, "Өч-2" көркөм тасмасын өлкө аймагында жүгүртүү токтотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди. Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды. Буга байланыштуу төмөнкү чечим кабыл алынды:
  • “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду.
  • “Өч-2” көркөм тасмасынын өлкө аймагында жүгүртүүсү токтотулду;
  • Кинотеатрлар, жүгүртүү уюмдар жана кино көрсөтүү менен алектенген башка субъекттер тасманы токтоосуз жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан