Биз социалдык тармакта

Жол кырсыгынан кийин качууга аракет кылган айдоочу жол тескөөчүнү сүзүп кетти (видео)

Кечээ, 13-апрелде Бишкек шаарында Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын Т.у.К. аттуу айдоочусу аялды сүзүп кетип, жабырлануучу жакынкы медициналык мекемеге жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге келген жол тескөөчүлөрү жол кырсыгынын жагдайларын каттоого алып, айдоочуга унаасы айып короого токтотулары кабарланды. Бул арада айдоочу качууга аракет кылган.

Ал качып бара жатып жол тескөөчүсүн сүзүп, бир нече аралыкка чейин сүйрөп барып, андан кийин башка унаа менен кагылышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бишкекте жол кырсыгынан кийин качууга аракет кылган айдоочу милиция кызматкерин сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан