Биз социалдык тармакта

1-майда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

1-майда жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы эскертет.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырышы керек:
  • Жеке ишкерлер (патенттин негизинде, өзгөчө режимдеги соода зонасында жана 0 пайыздан 1 пайызга чейинки ставкалар боюнча иштегендерден, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардан тышкары);
  • Эл аралык уюмдарда, ошондой эле өлкө аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген жарандар;
  • Отчёттук мезгил ичинде кирешесинен киреше салыгы кармалбаган жеке жактар.
Жогоруда көрсөтүлбөгөн жеке жактар ыктыярдуу негизде социалдык жана мүлктүк чегерүүлөрдү колдонуу аркылуу киреше салыгын кайтарып алуу үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга укуктуу.
Салык декларациясы электрондук түрдө cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу тапшырылат. Толук маалыматты 116 телефону аркылуу, ошондой эле www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан