Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги датасы жарыяланды

Иран-АКШ жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 16-апрелде Пакистанда өтөт. Бул тууралуу Associated Press басылмасы ишенимдүү булактырына таянып жазды.

Анда маалымдалгандай, жолугушуучу жай тууралуу маселе талкууланууда.

"Сүйлөшүүлөрдүн орду жана убактысы азырынча тактала элек. Ал бейшемби күнү болушу мүмкүн",- деген ишимдүү булак басылмага.

Буга чейин Atlantic басылмасынын өкүлү Араш Азизи X социалдык тармагында өздүк булактарына таянып, жолугушуунун кезектеги айлампасы бейшембиде Исламабадда өтөрүн кабарлаган.

Эске салсак, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан