Кара-Балта шаарында үй шартында багылган жана кароосуз жүргөн ит-мышыктарды каттоого алуу максатында чип тагылат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаныбарларга чип тагуу кызматынын баасы 200 сомду түзөт. Азыркы тапта бул демилге ыктыярдуу негизде ишке ашырылып жатат, бирок келечекте мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө киргизилиши мүмкүн экени белгиленди.
Ошондой эле муниципалитет жаныбарлардын ээлерине аларды убагында эмдетип, стерилизациядан өткөрүп турууну сунуштоодо. Бул процедуралар учурда акысыз жүргүзүлөт.
Каалоочулар кошумча маалымат алуу жана кызматка жазылуу үчүн 0700 335 449 номерине байланышса болот.